Курманкул Зулушев


Өзгөндүн кулуну. Үй-бүлөсү бар, үч баланын атасы.




2015 -жылы Жогорку Кеңешке "Республика-Ата-Журттан" депутат болгон Зулушев бул сапар "Мекенчил" партиясына ооду. Тизмеде жетинчи орунда көрсөтүлгөн.



ЖКдагы иши
Курманкул Зулушев парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү жана кайсы бир талаш-тартыштуу маселелер боюнча оюн ачык айткан депутат катары таанылды.

Парламенттик же президенттик башкаруу. Курманкул Зулушев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча тагыраагы, парламенттик же президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум дайындоо боюнча талаштуу мыйзам долбоорун демилгелеген эл өкүлү катары эсте калды. Аталган документ ушул жылдын 1-апрелинен тартып коомдук талкууга чыгарылган.

Зулушев сунуштаган долбоор коомчулукта кызуу талаш-тартышка жем таштаган. Депутаттар, коомчулук бул демилгенин артында жалгыз эле Курманкул Зулушев эмес, башка дагы ички-тышкы күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдошкон. Эл өкүлү бул анын жеке демилгеси экенин айтып, дооматтарды четке каккан.

Атамбаевдин кол тийбестигин алган мыйзам долбоор
2018-жылы Курманкул Зулушев кесиптеши Исхак Масалиев менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгени алып чыгышкан. Документте экс-президенттин кол тийбестигин алуу кызматтагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылаары жазылган. Бир жылдай созулган талкуулардан кийин мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш былтыр 4-апрелде кабыл алып берди.
Курманкул Зулушев
Исхак Масалиев
Алмазбек Атамбаев
Мындан тышкары Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги бир канча депутаттык комиссиянын курамында мүчө, айрымдарында төрагалык кылган. Өткөн жылы май айында "КТ Мобайл" ишканасынын айланасындагы чырдуу талашты териштирген убактылуу депкомиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп Зулушев тандалган.

Депутаттардан турган топ ишкананын айланасындагы чууга байланыштуу "өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын" деп чечим чыгарган. Андан тышкары бир катар каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныктап, ага укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага сунуш кылган.

Ошондой эле Зулушев 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган "Боинг-747-400" учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Эмнегедир комиссиянын ишинен жыйынтык болгон эмес.
Зулушев - судья
Курманкул Зулушевдин кесиби юрист. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда катардагы жумушчу болуп иштептир. Бир жылдан кийин армияга кеткен. Кийин Ош технологиялык университетинде мугалим, декандын орун басары болуп эмгектенген. 2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы болгон.

Бир жылдан кийин тергөөчүнүн стажеру, 2001-2005 — Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунда прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 2007-2013-жылдары Чүй облусунда Сокулук райондук сотунун судьясы болгон. Кийин Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына барган.

Зулушев бийликти күч колдонуп басып алуу аракетине айыпталган «Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата актоо өкүмүн чыгарган судьялардын бири. Соттун чечиминен кийин Зулушев депутаттар менен жеке тааныштыгы жоктугун, а өкүм судьялардын "ички ишенимдери боюнча" чыгарылганын билдирген.

Бирок Жогорку Сот туура эмес чечим чыгарганы үчүн Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевдин үстүнөн Соттор кеңешине арызданышкан. Кийин алар кызматынан алынган. Зулушев өзүнүн кызматтан алынышын мыйзамсыз деп эсептеп келген.
Депутат эмнеге ээлик кылат?
Декларацияга таянсак, 2018-жылы депутат 3 млн 227 миң 416 сом тапкан. Ошондой эле 420 миң сомго бааланган эмерек, компьютердик жана тиричилик техникасы бар.

Мындан тышкары Курманкул Зулушев 300 миң сомго бааланган бодо мал кармайт. Расмий маалыматта 34 миң сомдук жылкыларын жана "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасын көрсөткөн.
Биз социалдык тармактарда