Курсан Асанов


Курсан Асанов 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Үч кыз, бир уулдун атасы. «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесинде 7-катарда


Жогорку билимдүү. Милициянын генерал-майору. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин педагогика адистиги боюнча аяктаган. 2004-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн.

Тажрыйбасы
Курсан Асанов милицияга жумушка 1990-жылдын башында орношкон жана эмгек жолу ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 6-ротасында баштаган. Ал 1994-жылы ушул ротанын командиринин кызматына чейин көтөрүлүп, үч жыл жетектеген. Андан кийин милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө которулган.

Ал 2010-жылы апрель окуяларына чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош шаардык милициянын жетекчисинин орун басары өңдүү кызматтарда турган.

Курсан Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон. Ал коомчулукка Оштогу кандуу окуяларда белгилүү болгон. Ал телерепортаждарда байма-бай көрсөтүлүп, эң ириде «от күйгөн жерге» тайманбай кирип барган күч кызматкеринин жетекчиси катары таанылган.

2011-2019 жылдары болсо ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. 2010-2011-жылдары «СДПКдан» ЖКнын депутаты болгон. Мурдагы экс-депутат 7-чакырылыштагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен 7-катарда аттанууда.
Үч кылмыш иши козголуп
1
Биринчиси
Башкы прокуратура ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата үч иш козголгонун кабарлаган. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алып, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деген айып коюлууда.
2
Экинчиси
Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратты деп айыпталууда.
3
Үчүнчүсү
Үчүнчү иш - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында Асановго «тергөөгө маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Биринчи май райондук соту ушул үч ишти бириктирип карап жатат.
Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.

Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экенин айтып келет.
Асанов эмнеге ээлик кылат?
2015 - жылы Курсан Асановдун киреше суммасы - 787,228сомду түзгөн. Мындан сырткары Асановдун атына катталган 36м2 54м2 38м2 аянттагы 3 батир бар.

Тууганынын декларациясында Мерседес, Хонда CRV үлгүсүндөгү автоунаалар 600,000 сом киреше, 30м2 аянттагы чачтарач катталган.

2016-жыл: Киреше сумма-829,987сомду түзгөн.

2018-жыл: Киреше сумма- 861,198сом, чыгаша сумма- 570,000сом, бодо мал – 2700000 сом, майда жандыктар – 1870000 сом, эмерек – 350000.

Тууганын атына катталган киреше сумма - 670,831сом, 74м2 батир бар.
Биз социалдык тармактарда