Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев 1960-жылы Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде Адахан Мадумаровдон кийинки экинчи.
Суваналиев алгач эмгек жолун милиция кызматкерлигинен баштаган. Кийин райондук, шаардык, облустук милициянын башчылыгына чейин жеткен.
Кийин ИИМ министринин орун басары, милдетин аткаруучу болгон.
1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011 —жылы президенттикке талапкерлигин койгон
Шайлоого аттанганга чейин 2019 —жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеп турган.
Талапкер Жээнбеков, Матраимов тууралуу
Ушул жылдын 16-сентябрында Өмүрбек Суваналиев президенттин коррупцияга каршы саясатын сындап чыккан.
Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жөнүндө «Азаттык» чыгарган иликтөөлөр чын экенин, бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго айтса чара көрүлбөгөнүн айткан.
Мындан сырткары, «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө болсо Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары президентке кирип, «Матраимовду камоону» сунуш кылганын, бирок ага мамлекет башчы макул болбой койгонун билдирген.

Ал эми Майраш Базлакунованын «Youtube» каналына берген интервьюсунда «Президент Матраимовдун барымтасында калды» деп айткан.

Биз социалдык тармактарда