Шаирбек Ташиев
Шаирбек Ташиев саясатта али жаш, ал буга чейин "Ата-Журт" партиясы менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон. 2018-жылы мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүп, бирок көпчүлүк добуш менен атаандашы Мураталы Тагаев утуп чыккан.
Парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында Камчыбек Ташиевдин 44 жаштагы бир тууган иниси Шаирбек Ташиев да аттанды. Үй-бүлөлүү 4 баланын атасы.
Ал коомчулукка 2012-жылы агасы Камчыбек Ташиев камалгандан кийин аны бошотуп алуу үчүн бир катар нааразычылык акцияларын уюштурганы менен белгилүү. Митингчилер Жалал-Абад облустук админстрациясын басып алып, элдик губернатор да дайындашкан.
Мына ошол баш-аламандыктардан кийин Жалал-Абад облустук соту Шайырбек Ташиев менен кошо бир катар тарапташтарын шарттуу түрдө кесип, кийинчерээк сотуулугу жоюлган.
Салык декларациясына анын кирешеси жана мүлктөрү катталган эмес. Юстиция министрлигинин расмий сайтынан да Ташиевдин атына катталган кайсы бир компания же ишкана табылган жок.
Салык декларациясына анын кирешеси жана мүлктөрү катталган эмес. Юстиция министрлигинин расмий сайтынан да Ташиевдин атына катталган кайсы бир компания же ишкана табылган жок.
Шаирбек Ташиев
1997-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун "коммерциялык ишмердүүлүк" адистиги боюнча аяктаган.
2000-жылы президентке караштуу Башкаруу академиясынын бизнес-башкармалыгынын магистранты болуп, 2011-жылы Москва Бажы академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Эл аралык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаптыр. Кийин Бишкек шаарынын Октябрь администрациясында эмгектенген. 2001-2003- жылдары Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетектөөчү адиси, кийин башкы адиси болгон. 2013-жылга чейин Жалал-Абаддын бажы кызматында иштеп, орун басарлыкка чейин көтөрүлгөн.

"Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү" заводуна директор болуп турган маалында шаардык кеңешке депутат болуп келген.
Ташиевдер жалпы 11 бир тууган болгону менен алардын экөө гана мамлекеттик кызматта иштеген. Шаирбек Ташиев саясатка агасы жетектеген "Ата-Журт" партиясы аркылуу келген.
Ташиевдер жалпы 11 бир тууган болгону менен алардын экөө гана мамлекеттик кызматта иштеген. Шаирбек Ташиев саясатка агасы жетектеген "Ата-Журт" партиясы аркылуу келген.
Биз социалдык тармактарда