Жылдызкан Жолдошева
Алтынчы чакырылышта депутат боло албай калып, китеп жазууга киришкен экс-ата-журтчу Жылдызкан Жолдошева бул сапар парламентке "Мекенчил" партиясынын депутаты катары кайтууну үмүт кылат.
60 жаштагы бул айым Жогорку Кеңешке алгач 2010-жылы "Ата-Журттан" шайланып келген. 2014-жылдын апрель айында ал фракция лидери болуп дайындалган. 2015-жылы "Аалам — партиясыздардын партиясынын" курамында талапкерлик кылып, бирок уттуруп койгон.
Жылдызкан Жолдошева "Спутник" сайтына курган маегинде шайлоодо жеңип чыккандар элди сатып алышканын далилдеп эскерүүлөрдү жазарын айткан.
Жылдызкан Жолдошева "Спутник" сайтына курган маегинде шайлоодо жеңип чыккандар элди сатып алышканын далилдеп эскерүүлөрдү жазарын айткан.
"Шайлоочулардын көбүн сатып алышты, ошон үчүн кыргызстандыктар кулга окшоп сатылып кеткенин жана байлыкка чиренген, ыплас атка минерлер эч жакшылык алып келбесин түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле мен өз өмүрүм жөнүндө китеп жаза баштаганыма көп болду. Эркектер мурда кандай болгону, өзүмдүн Москвада, Эстонияда, Прибалтикада өткөргөн күндөрүм, тагдыр мени жолуктурган кызыктуу адамдар жөнүндө жазайын деген ниетим бар".
Ал эң башкысы кайрымдуулук иштери менен алектене тургандыгын да белгилеген.
Жылдызкан Жолдошева VS Эльвира Сурабалдиева
23-сентябрда КТРКнын түз эфириндеги теледебатта "Мекенчил" партиясынан талапкер Жылдызкан Жолдошева "Ата Мекенчи" Эльвира Сурабалдиева менен бир топ талашып тартышты. Ал суроолорун жалаң Эльвира айымга багыттап, алтынчы чакырылышта бийликчил КСДПнын курамында болгонун эскертип, Сурабалдиеваны "бийликтин туура эмес иштерине жооптуулардын бири" катары айыптаган. Талапкерлердин бири-бирине суроо берип, жооп ала турган бөлүгүн видеонун 1:32:49 мүнөттөрүнөн көрсөңүз болот.
Жылдызкан Жолдошева Кара-Суунун кызы. 1979-жылы жол техникумун аяктаса, 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Жолдошева 19 жашынан тартып иштей баштаган.
Эмгек жолунда Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген. "Курманжан Датка" фондунун төрайымы.
Эмгек жолунда Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген. "Курманжан Датка" фондунун төрайымы.
Юстиция министрлигинде катталган мүлкү
Жолдошева салык декларациясын депутаттык учурунун акыркы жылдарында тагыраагы, 2015-жылы гана тапшырган. Расмий маалымат боюнча бир жылдык кирешеси 743 миң сом деп көрсөтүлгөн. Башка мүлктөрү жокко эсе.
Юстиция министрлигинин жана OSOO.kg кызматынын маалымат базасында Жолдошеванын атына "Датка Корпорэйшн" ЖЧКсы жазылган. Анда компания италия-белорусия косметикаларын импорттойт деп көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү Жылдыз Жолдошева, жетекчиси Насипа Жолдошева.

Биз социалдык тармактарда