Зиядин Жамалдинов
Зиядин Жамалдинов
1966-жылы Ош облусунда туулган. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстандан» 11-катарда бара жатат.
ЖКдагы иши

Ушул жылдын август айында борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын өзүнүн жазган арызынын негизинде токтоткон.
Бул тууралуу Зиядин Жамалдинов «Азаттыкка» берген маегинде билдирген жана өз чечимин парламенттик шайлоого байланыштырган. Ал быйылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат.
Ал алгачкы жолу Жогоку Кеңешке 2005-жылы III чакырылышта депутат болуп келген. Андан соң, 2007-2010-жылдары "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен IV чакырылыштан мандат алган.
2015-жылдагы шайлоодо Жамалдинов «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болуп, Бюджет жана финансы боюнча комитетинде иш алып барган. 5 жыл ичинде 10дон ашуун мыйзам долбоорлоруна авторлош, демилгелеш болгон.
Ал эми чуулу мыйзам катары коомчулуктун нааразычылыгын жараткан бей өкмөт уюмдарды көзөмөлдөө жана маалыматты манипуляциялоо долбоорун тең колдоп макул добуш берген.

Жогорку Кеңешке чейин
- Алгачкы эмгек жолун 1988 — Оштун эт-консерва комбинатынын товарлар боюнча адис-бригадирликтен баштаган.
- 1994 - 1995 — Ош облусу боюнча Салык полиция башкармалыгынын кызматкери;
- 1997 - 2000 — Оштун Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, улук инспектору;
- 2000 — Ош облусунун Кара-Суу району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын улук инспектору ;
- 2000-2002 — Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын улук инспектору;
- 2002-2003 — Ош боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын улук инспектору;
- 2003-2005 — Акыйкатчысынын Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү;
- 2010 - жылы декабрда Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагалыгына дайындалган.
Жамалдинов эмнеге ээлки кылат?
2016 - жыл. Киреше-1,138,067 сом жана 120м2 жердеги теректери бар. Тууганынын атында 32м2 аянттагы жашылча кампа бар.
2017 - жыл. Киреше -1,797,176 сом, 45м2 токой, кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрү – 12000000 сом.
Тууганынын атына катталган мүлктөр: 34м2 батир, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдары- 360000 сомду түзөт. Кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрү - 3640000сом.
Тууганынын атына катталган мүлктөр: 34м2 батир, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдары- 360000 сомду түзөт. Кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрү - 3640000сом.
2018-жыл. Киреше сумма – 825,017сом, батир – 11.7га, жылкы – 30 000,00сом, кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрүнө - 12110000,00 сом катталган.
Биз социалдык тармактарда