Ак үйдү самап. Партиядагы белгилүү бешөө
«Мекеним Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына өтчүү шайлоого алгачкы ирет катышып жатат. Буга чейин Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринде депутаттары болгон. Партия парламенттик шайлоого жаңы катышып жатканы менен дээрлик эски жүздөрдү чогулткан. Алардын арасында мурда-кийин башка партияларда жүргөн депутаттар, саясатчылар, кудаа-сөөктөр да бар.

Биз бул ирет ар тараптан талапкер чогулткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 5 белгилүү делген өкүлүнө токтолобуз.
Иса Өмүркулов
Парламенттеги эң бай депутат
Кененирээк
Шайлообек Атазов
Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону жана «ЕРЕМ» спорт клубунун аткаруучу директору
Кененирээк
Мунарбек Сайпидинов
Райымбек Матраимовдун өкүл баласы
Кененирээк
Ибрагим Жунусов
Ырчылыктан саясатка
Кененирээк
Искендер Матраимов
Буга чейин «КСДП» партиясы менен парламентке барган
Кененирээк
Партия жөнүндө
Аталган партияны 2015-жылы ишкер бир тууган Айбек жана Нурбек Осмоновдор негиздегени айтылат. Айбек Осмонов 2020-жылдын жазына чейин «Мекеним Кыргызстан» менен чыгып, партиялар талапкер катары БШКга катталар алдында «Ыйман Нуру» партиясын жетектеп калган. Бирок көп өтпөй андан да чыкканын маалымдалды.

Бул аралыкта коомчулукта «Мекеним Кыргызстан» партиясын Осмоновдордон Матраимовдор тартып алышканы тууралуу маалыматтар тараган. Муну 16-сентябрда КТРКдагы дебатка катышкан «Ыйман Нурунан» талапкер Шумкарбек Адилбек уулу да бышыктап, ачык айткан.

«Куугунтук болду. Райымбек Матраимов тарабынан куугунтук болду. Ошондон кийин Айбек мырза биздин партиядан чыгып кетти», —деген ал эфирде

Бирок бул маалыматты бир тууган Матраимовдор четке кагып келишет. Ал эми Осмоновдордун бир тууганы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жанарбек Алымов да ЖКга ушул партиянын 30-тизмеси менен аттанды.
Коомчулукта айтылып жаткан маалыматтарды талапкерлердин тизмеси дагы далилдегенсийт.

Мисалы, партиянын тизмесинде Райымбек Матраимовдун Кара-Суу районунун жетектеген иниси Тилек Матраимовдун кудасы Запарбек Айдаров 129-катарда. Мындан башка аталган райондун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев тизмеде 119. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова 48чи.

Балдарына Райым Матраимовду өкүл ата койгондордун арасында талапкерлер элчи, ырчы Ибрагим Жунусов үчүнчү, экс-спикер Акматбек Келдибеков тизмеде 14чү.

Мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев да ушул партия менен аттанган. Ал аталган партиянын тизмесинде 27-катарда кетип жатат.
Бул материал ALDA-Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын жардамы менен Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда даярдалды. Материалдын мазмуну Европа Биримдигинин же ALDAнын көз карашын чагылдырбайт.
Биз социалдык тармактарда