«Чоң Казат» партиясы Юстиция министрлигинен 2012-жылы каттоодон өткөн. Партиянын түзүүчүсү - журналист, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталса, анын 24үн аялдар түзөт.
Партияны шайлоого Максат Мамытканов баштап баратат. Ал УКМКнын мурдагы кызматкери. 49 жаштагы Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенгени айтылат.
Андан кийин «Чоң Казат» кыймылын жетектеген акыркы учурларда Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деген билдирүүлөрү менен таанымал болгон Сыймык Жапыкеев бар.
Ал Ысык-Көл облусунда туулган. Кесиби боюнча юрист. 15 жылдан ашуун прокуратурада эмгектенген. Юстициянын полковниги.

Анын билдирүүлөрү коомчулулктун көңүлүн бурган. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.
Бул боюнча расмий териштирүү да жүрүп, ИИМ Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Кубанычбек Жумалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү баштаган. Жыйынтыгында сот Сыймык Жапыкеевди 10 миң сом төлөөнү милдеттендирген.

Партиянын 7-орунунда буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун акими болгон Өмүрбек Шаршеналиев баратат. Ал эми 8-катарда партиянын түзүүчүсү, «Деньги и Власть» гезитинин редактору Турат Акимов турат.
Тизмеде 13-орунда ЭлТР телеканалынын мурдагы директору, учурда менчик «Манас жаңырыгы» каналынын башчысы Темирбек Токтогазиев баратат.
«Чоң Казаттын» талапкерлеринин тизмесин маданият өкүлдөрү да толуктайт.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев 19-чу катарда депутаттыкка аттанды. Ырчы Райкан Абдувалиева 18. Акын Гүлжамила Шакирова 26-чы орунду толуктайт.
Калган талапкерлердин көпчүлүгү коомчулукка белгисиз, арасында ЖОЖ мугалимдери, учурда эч бир жакта иштебеген же жеке ишкерлик менен алектенген жарандар, адвокаттар да бар.

Биз социалдык тармактарда