«Мекен ынтымагы»


Саясий партияны Темирбек Асанбеков 2010-жылы негиздеген.
Партия негизделгенден бери парламенттик жана президенттик шайлоолорго калтырбай катышып келет. Бул ирет да «Мекен Ынтымагы» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 149 талапкери менен аттанды.
Башка партиялар сыяктуу эль аталаган саясии партии «Кыргызстанды саясий- экономикалык туңгуюктан алып чыгарын», «жаңа экономикалык багытты ишки ашырарына», «көмүскө экономиканы ачыкка чыгарарын», «жогорку багыттагы экономикалык долбоорлорда ишки ашырарына», «жаңы жумуш орундарын камсыздап, мигранттарды мекенине кайтарарын »,« Айыл чарба азыктарын эл аралык базарга алып чыгарын »,« жеңил өнөр жайын колдоого аларын »билдирет.
Партиянын лидери Темирбек Асанбеков. 1966-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьева айылында туулган. Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.
К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба университетин аяктаган. Эмгек жолун Россиядан баштаган. Учурда да ал жакта иштеп келет.
Мындан сырткары чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттарына жардам көрсөтүү уюмун жетекетеп келет. 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон. 2015-жылы ал жетектеген партия парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,79%, добушун алган.
Биз социалдык тармактарда