Шайлоо сайын багын сынаган партиялардын бири - «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы ».
Саясий уюм Боршайкомго 78 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 35и жумушсуз. Партияны 57 жаштагы Акбөкөн Таштанбеков баштап баратат жана теледебаттарга катышууда. 15-сентябрда TMGнын теледебатында башка катышуучулар менен кайым айтышып, сөгүнгөнгө чейин барды.
"Эми "чимкирик" дегендер силерсиңер да. Уурулар мен эмес силерсиңер, 10 жылдан бери Кыргызстанды талкаладыңар. азыр эми эмнеге кулакка тээп атасыңар? Уурдадыңар, жедиңер. Эми силерди кустурабыз. Ошондуктан мага тийишпеш керек эле"
22-сентябрда ЭлТР каналы уюштурган телетаймашта Акбөкөн Таштанбеков "Чоң Казаттын" мүчөсү Сыймык Жапыкеев менен айтышып, бири-бирин «оорулуу» деп айыптаганга чейин жетишти.

Жарышка «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан» дарыгерлер, юристтер, мугалимдер жана Ооган согушунун катышуучулары аттанган.
Биз социалдык тармактарда