«ОРДО»
«ОРДО» жаш партиялардын катарына кирет. Бул партиянын биринчи шайлоо өнөктүгү. Партия аймактык принципте негизделген. Аталган партия жаңы жүздөр менен парламенттик шайлоого аттанууда.
«Ордо» партиясынан 100 талапкер катталды. Анын 67си эркек, 33ү аял, 90у соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча чечим жок, экөө акталган.
«Ордо» партиясынан 100 талапкер катталды. Анын 67си эркек, 33ү аял, 90у соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча чечим жок, экөө акталган.
Ал эми «Ордо» бийликтин вертикалын чыңдап, күч түзүмдөрү менен атайын кызматтарды күчөтүүнү пландаштырыш керек деген көз карашты билдиришет. Мындан сырткары пландуу экономика аркылуу өлкөнүн экономика тармагын жогорулатууну жана салттуу үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдеп, либералдык баалуулуктардын алдын алуу аркылуу билим берүүнү өнүктүрөт.
«Ордо» партиясы өздөрүнүн программасында ден соолук маселелерин карашпайт. Ар бир партиянын программасында, ураанында, баалуулуктарында же миссиясында чагылдырган бир өзгөчөлүктөрү бар. «Ордо» – адегенде адеп-ахлак, андан кийин мыйзамдар жана программалар экендигине токтолушат.
Партияны шайлоого Мирбек Мияров баштап баратат. Ал 1984-жылы Чүй облусунун Жетиген айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Кесиби электр байланыш техниги. 2012 - 2019 -жылдары «Моби Строй» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.
Андан башка коомчулукка белгилүү делген талапкерлери деле жокко эсе. Партия жарыялаган тизмеде айрымдары ишкерлер, жумушсуздар басымдуулук кылат. Кээ бирлери маданият өкүлдөрү.

Биз социалдык тармактарда