"Реформа" партиясы
Партиянын курамында өлкөдөгү коррупцияга каршылык көрсөтүп келаткан жарандык активисттер, кызматтан кетирилген мурдагы аткаминерлер, журналист, алып баруучулардан тартып жеке ишкерлерге чейин бар.
Талапкерлердин тизмеси интернетте ачык добуш берүү аркылуу аныкталып, 85 адам кирген.
Клара Сооронкулова
Парламенттик шайлоого "Реформа" партиясын гана аял талапкер, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова баштап баратат. Бул айым 2014-жылы жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деп айтканы үчүн кызматтан кеткен. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынын сабында болчу. Клара Сооронкулова "Укук мектеби" коомдук бирикмесинин төрайымы.
Акылбек Сариев
Тизмени сыдырганда БШКнын мурдагы төрагасы, "Электорат" коомдук фондунун директору Акылбек Сариевди байкоого болот. Ал 16-катарда. Сариев Боршайкомдун төрагасы болуп 2010-жылдан 2011-жылдын июлуна чейин иштеген. Анын кызматтан кетишине БШКнын эски жана жаңы курамдарынын ортосунда карама-каршылык себеп болгон. Ордуна Туйгунаалы Абдраимов келген. Бул жагдайды Акылбек Сариев мыйзамсыз аракет катары баалаган жайы бар.
Тизмеде 10-орунда "Интербилим" уюмунун Оштогу жетекчиси Гулгаакы Мамасалиева баратат. Ал Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды ачыктап, мэрия менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы пикир-келишпестиктердин чечилишине активдүү салым кошкон жарандык коом өкүлү катары таанымал.
Мамасалиева мыйзамсыз курулуштар боюнча президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда да айтып, өлкө башчы "Сулайман Тоо" коругунун аймагына түшүп жаткан курулуштарды жеке көзөмөлүнө алмай болгон.
17-сентябрда ТMG телеканалында өткөрүлгөн саясий партиялардын дебатында Мамасалиева өлкө башчы сөзүнө турбаганын белгилеп, кайтып ошол мыйзам бузуучуларга бийликтин партиясына келгенге шарт түзүп берип койду деп доомат койду.

Рита Карасартова
Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин экс-директору 45 жаштагы Рита Карасартова тизмеде бешинчи орунда. Коомчулукка жарандык активист катары кеңири таанылган Карасартова бул кызматка 2019-жылдын декабрында дайындалган. Ал социалдык түйүндөр аркылуу кесиптик окуу жайларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу маалымдап, сунуш-пикирлерин жазып турчу.
Бирок быйыл 10-июлда кызматын тапшырып, өз каалоосу менен арыз жазганын айткан жайы бар. Карасартова жарандык активист катары сот, укук тармагындагы көйгөйлөрдү ачык айтып, түрдүү акцияларга катышып келгени менен белгилүү.

Жеке ишкер Мирбек Маматкасым уулу (№2), НТС телеканалынын мурдагы программалык редактору Азият Жекшеев (№12), шоумен Эркин Нурбаев (№11), УКМКнын башкармалыгынын башчысы Курванбек Авазов (№25) да "Реформа" менен шайлоого катышат.
Биз социалдык тармактарда