Сейитбек Атамбаев
Партияны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, "Автомаш-Энерго" ишканасынын башкы директору 44 жаштагы Сейитбек Атамбаев баштап баратат.
Ал атасы бийликте турган учурда публикага чыкчу эмес. Кийин гана таанылып чыга келди. Коомчулукта ал жетектеген "Автомаш-Энерго" компаниясы мамлекеттен электр энергияны арзан алып, кымбат сатат деген сөздөр айтылган. Сейит Атамбаев мунун баарын четке каккан.
Жаңы партияга оогон КСДПчылар
КСДП фракциясынын алты депутаты Жогорку Кеңешке "Социал-демократтар" партиясынан депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Экинчи орунга алардын бири Ирина Карамушкина жайгашкан. Ал парламенттин V жана VI чакырылышына КСДПдан депутат болуп шайланган. Бул айым мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге акыркы күндөргө чейин ишенимдүү бойдон калды.
Карамушкина 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш окуясына айыпталып, үй камагында отурат.
Дагы бир КСДПчы депутат Анвар Артыков "Социал-демократтар" партиясынан төртүнчү катар менен шайлоого аттанды. Ал бир нече чакырылыштарда депутат болгон. 2010-жылы "Ар-Намыс" партиясынан шайланып келген. Ош облусунун мурдагы губернатору, ал кызматты 2005-жылдагы революциянын башында ээлеген болчу. Депутаттык ишмердүүлүгүндө чоң ызы-чууларда деле байкалган эмес. Эсте калганы акыркы жолу төрага Дастан Жумабеков менен "кнопка" баскыч депутаттардын айынан кайым айтышып, талкуу болгон.

Ошол эле КСДП фракциясынын депутат болгондор Карамат Орозова (№5), Асель Кодуранова (№115), Альфия Самигуллина (№25) да "Социал-демократтар" менен шайлоого катышат.

Тизмеде он экинчи болуп экс-депутат Равшан Жээнбеков да бар. Ал Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Мыйзам боюнча ага соттун өкүмү чыга элек.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов да шайлоого аттанды. Ага да сот өкүмү чыга элек.
"Социал-демократтарды" ээрчиген экс-жетекчилер
Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан "Социал-демократтарда" 10-катарда турат. Ал Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экендиги тууралуу пикирин коомчулукка жарыялаган. Терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогону үчүн президентке ачык кайрылганын билдирген. Ушундай жагдайдан кийин Кылычбек Султан кызматтан кеткен.

Кылычбек Султан быйыл июль айында УКМКга үч ирет суракка чакыртылган. Ал 2018-жылы элчилик кызматына байланыштуу катталган кылмыш иши боюнча күбө катары жана бийликти күч менен басып алуу тууралуу козголгон иш боюнча сурак берип чыккан. Буга Кылычбек Султандын «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта нааразылык акциясы болору тууралуу жазганы себеп болгон.
"Социал-демократтардан" шайлоого 13- номур менен мурдагы маданият министри Камила Талиева баратат. Ал бешинчи чакырылышта "Ар-Намыстан" депутат болгон. Андан кийин вице-премьер-министр, маданият министри кызматын аркалаган.

Партиянын тизмесинде Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев (№50), экс-ажонун адвокаттары Сергей Слесарев (№23) менен Замир Жоошев (№37), "Супер-Инфонун" жетекчилик менен тил табыша албай калганы үчүн иштен кеткенин айткан журналист Шаиста Шатманова (22), Бактыгул Сокушева (45) жана Эльвира Караева (57) да бар.

Дагы бир талапкер Темирлан Султанбеков сегизинчи болуп шайлоого аттанды. Ал партиянын атынан жолугушууларга жана теледебаттарга катышууда. Султанбековдун кескин билдирүүлөрү, курч тилдүүгү талкууга түшүп келет. КТРКнын 28-сентябрдагы партия лидерлерин сынаган телетаймашында Султанбеков атаандаштарына бир топ дооматтарды коюп, кайым айтышууга чейин барды. Беш партиянын дебатындагы урунттуу учурларды бул шилтемеден көрсөңүз болот.
Биз социалдык тармактарда