«Ыйман Нуру» партиясы
Жаңы түзүлгөн «Ыйман Нуру» партиясын парламенттик шайлоого Чыңгыз Макешов баштап баратат. Ал партия жарыялаган тизмеде «Центрально азиатский капитал» инвестициялык компаниясында финансы боюнча аналитик деп көрсөтүлгөн. Экинчи катарда маданият маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Нуржигит Кадырбеков турат.

Партиянын жалпы 101 талапкери бар. Анын 31и аялдар. Эң жашы 22де, улуусу 70 жашта. Арасында жеке ишкерлер, айылдык, шаардык кеңештин депутаттары жана журналисттер, жумушсуздар да бар.
Партиянын жаралуу тарыхы
Юстиция министрлигинин реестринде партиянын төрагасы катары Айбек Осмонов көрсөтүлүп турат. Айбек жана Нурбек Осмоновдор «Ихлас» курулуш компаниялардын да кожоюндары. Бир туугандар Ош шаарында электромобиль чыгаруучу завод, текстиль фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстиль фабрикасын курушкан.
«Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңеши быйыл 14-августта билдирүү таратып, уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялаган.

Алгач партия шайлоого катышуудан да баш тартканын билдирген. 17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов билдирүү таратып, партия лидерлигинен кетерин жана алдыдагы шайлоого катышпай турганын маалымдаган.
«Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар», - деп жазылган Осмоновдун ошол учурдагы билдирүүсүндө.
Көп өтпөй, аталган партияны ишкер Чыңгыз Макешов менен маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Нуржигит Кадырбеков баштап чыкты. 5-сентябрда журналист жана блогер Майраш Базлакунованын «Youtube» каналына курган маегинде Чыңгыз Макешов партиянын негиздөөчүлөрүнө куугунтук болгонун ачык айткан.
18-сентябрда болсо ЭлТР телеканалындагы дебатта партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков да Осмоновдун партиядан чыгып кеткенин комментарийлеп, муну «түшүнүксүз жагдай» деп атаган. Ошентип «Ыйман Нуру» партиясы өздөрү атагандай түшүнүксүз болгон жагдайда шайлоого аттанууда.
Биз социалдык тармактарда