Добуштарды кол менен эсептөөдө «Мекенчил» менен «Республика» партиялары алдыга чыкты. Инфографика

Борбордук шайлоо комиссиясынны төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйынында билдиргендей, саат 11:00гө 1558 шайлоо участогунан кол менен эсептелген баштапкы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, кол менен 487 071 шайлоочунун добушу саналды.

«Биримдик» — 19,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 24,48, «Кыргызстан» — 9,34%, «Бүтүн Кыргызстан — 6,15%, «Мекенчил» 7,07%, «Республика»- 7,07%, «Ата Мекен» 4,52, «Ыйман Нуру — 4,12%, «Бир Бол — 3%, «Чоң Казат» — 3,28%, «Замандаш» — 2,79%, «Социал-демократтар» — 2,25%, «Реформа» — 1,36%, «Мекен Ынтымагы» — 0,91%, «Ордо» — 0,22, «Ооган согушунун ардагерлери» партиясы — 0,15% добуш алды. Ал эми баарына каршы 1,89% добуш берилген.

«Биримдик» партиясы — 487 685 добуш же 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 475 372 добуш же 23,88%, «Кыргызстан» — 174 317 добуш же 8,76% жана «Бүтүн Кыргызстан» — 141 940 добуш же 7,13% менен жети пайыздык чектен өтүштү.

Ал эми «Мекенчил» — 136 276 добуш же 6,85%, «Республика» — 115 288 добуш же 5,79%, «Ата Мекен» — 80 279 добуш же 4,03%, «Ыйман Нуру» — 66 747 добуш же 3,35%, «Бир Бол» — 60 305 добуш же 3,03% , «Чоң Казат» — 46 568 добуш же 2,34%, «Замандаш» — 42 862 добуш же 2,15%, «Социал-демократтар» — 42 460 добуш же 2,13%, «Реформа» — 32 795 добуш же 1,65% , «Мекен Ынтымагы» — 12 468 добуш же 0,63%, «Ордо» — 4 395 добуш же 0,22%, «Ооган согушунун ардагерлери» партиясы — 3 459 добуш же 0, 17%. Баарына каршы — 35 714 берилген же 1,79%ды түздү.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө 1 млн 999миң  753 жаран катышкан жок.

4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү.


Материал IWPRдын Борбор Азиядагы Өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу жана «Жаңы медиа жана санариптик журналистиканы өнүктүрүү» долбоорунун ментордук жардамы менен даярдалды. Бул материалдын мазмуну жана алардын чечмеленишине автор жооптуу.

Автор Жылдыз Орозматова 3 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо