Өкмөттүн Оштогу өкүлү: Тилек Матраимов менен байланыша албай жатам

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду эмгек өргүүсүнө кеткен бойдон таппай жатканын билдирди. 

Анын айтымында, Тилек Матраимов ден-соолугуна байланыштуу 24-сентябрда эмгек өргүүсүнө чыккан. Ошол убактан бери аны менен байланыша албай жатат. Ордуна биринчи орун басары Капар Абдиев иштөөдө.

«Садыр Жапаров «Баары мыйзам талаасына кайтыш керек» деди. Мыйзамсыз басып алуу болбошун айтты. Мен эч кимге арыз жаза элекмин. Мыйзамдуу түрдө өкмөттүн Оштогу өкүлү болуп иштеп жатам. Баары укуктук талаага кайтып жатат. Ал эми Ош облусуна караган 6 райондун баарынын акимдери иштеп жатат. Бир гана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жок болууда. Ошондуктан кечээ бир жигитти өздөрү аким кылып дайындашыптыр. Ал жерге аким дайындаш үчүн, өкмөт башчынын буйругу болуш керек. Азырынча андай буйрук жок«, — деди Байыш Юсупов.

Эске салсак, кечээ 6-октябрда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кабинетин топ адамдар басып алып, өздөрүнүн акимин дайындаган видео тараган.

Кийинчерээк Ош шаардык мэриясында өзүнү Руслан Маматов деп тааныштырган 33 жаштагы жигит райондун акиминин милдетин аткарып жатканын айтып журналисттерге интервью берген.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп жаткан. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/787198658732801/

 

 

 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*