Ошто Сарыбашовду тарапташтары кайра ордуна алып келишти. Видео

Ошто буга чейин кызматын тапшырганы айтылган мэр Таалайбек Сарыбашовду кайра ордуна алып келишти. Бул тууралуу биздин жеринде жүргөн кабарчыбыз Маратбек Акимбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, аны бүгүн саат 13:00дө аянтка чогулган тарапташтары алып келишти. Сарыбашовду мэрия имаратына алып кирүүдө 1000ге жакын адам катышып, имараттын эшиктери талкаланды. Күч кызматкерлери көзөмөлдү камсыздай алган жок. Ал эми кечээ өзүн элдик мэр деп тааныштырган Дүйшөн Төрөкуловду иш бөлмөдөн кууп чыгышты. Ал сыртка чыгып чогулган элге кайрылып жатат.

 

https://www.facebook.com/353410815140062/videos/351386332678539/?__so__=channel_tab&__rv__=all_videos_card

 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*