Оштогу митинг: Сарыбашовдун тарапташтары мэрияга бастырып киришти. Видео

Аянтта буга чейин кызматын тапшырганы кабарланган мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары Ош мэриясына бастырып киришти. Имараттын эшигин сындырып, он чакты адам ичине кирип кеткенин жерининен кабарчыбыз билдирди.

Митингде болжолдуу миңден ашык адам жүрөт.

6-октябрда Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган. Депутаттар аны кызматтан бошотууга шайлоонун таза эмес өткөнүн себеп кылышты.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген болчу.

Кийинчерээк Ош мэриясынын маалымат кызматы Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырганын маалымдады.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/351386332678539/

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*