Айыккандарга караганда жуктургандар көп. Коронавирус боюнча акыркы маалыматтар

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар 275ти түздү. Анын ичинен айыккандар 140. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 40
Ош — 25
Чүй облусу – 28
Ош облусу — 49
Талас облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу — 74

Айыккандар:

Бишкек – 13
Ош шаары – 24
Чүй облусу – 13
Ош облусу – 41
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 21
Баткен облусу – 20

18-марттан бери жалпы жуктургандардын саны 48617ге жетти. Анын ичинен айыккандар 44 097. Каза болгондор 1077. Учурда стационарда дарыланууда – 1456, амбулатордук дарыланууда – 1533 бейтап бар.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*