
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы 9-октябрда билдирүү таратты.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат.
Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.
6-октябь күнү Жогорку Кеңештин чукул жыйыны болуп, анда жаңы дайындалган спикер Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын жарыялаган. 8-октябрь күнү президенттин маалымат кызматы Бороновдун отставкасы кабыл алына электигин билдирген.
Оставьте первый комментарий