Төрт партия өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтүүдө

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» партияларынын лидерлери өлкөдөгү акыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн «Акыркы үмүт» деп аталган бирдиктүү меморандум кабыл алышканын жарыялады. Ага ылайык, Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрликке көрсөтүп жатышат.

Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, легитимдүү түрдө, шайлоо аркылуу бийликке келүү туура болорун белгиледи:

«Күч көрсөтпөй, бандиттерди аралаштырбай, легитимдүү парламентти коркутпай ачык-айкын шайлоо өтсүн. Ошонун негизинде шайланган адамды биз жарыялайлы. 30-40 депутатты камап туруп шайланып алган болбойт да. Адилеттүүлүк, тазалык каяка кетти? Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге айтаар элем. Бүгүнкү абалды курчутпай, парламентке депутаттарды топтойлу. Шайлоону мыйзамдуу өткөрөлү», -дейт Бабанов. 

Ата Мекен» партиясынан талапкер Тилке Токтогазиев Садыр Жапаров өкмөттү күч менен басып алып, кырдаалды жөнгө салгандын ордуна, туңгуюкка алып барууда деген пикирин айтты. Ушундан улам 4 партия биригип, бирдиктүү чечим кабыл алышкан.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*