
Жалал-Абад шаарында кайрадан күндүзгү стационарлар ачылып жатат. Анткени калаада күн сайын коронавируска кабылгандар көбөйүүдө.
Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышевдин билдиришинче, учурда шаардагы «Газпром» ден-соолукту чыңдоо борборунда 70 орун даярдалган.
«Стационар күндүзгү саат 14:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштейт. Анда бейтаптар мурункудай шартта келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө боло алышат. Учурда шаар бийлиги тарабынан башка стационарларды да жабдыктар менен камсыздоо каралууда», — деди Руслан Алтымышев.
Мындан тышкары «Бакыт» ден-соолукту калыбына келтирүү борборунун имараты кошумча 100 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнө даярдалууда.
Коронавируска кабылгандар кайра көп катталып жаткандыктан Жалал-Абал облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө учурда орун жетишсиз. Бүгүн Жалал-Абад шаарында 11 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Оставьте первый комментарий