
Өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирген Садыр Жапаровго эч кандай актоо өкүмү чыккан жок. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы 9-октябрда билдирди.
Токтомдо Садыр Жапаровдун мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарылып, иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлөрү белгиленет.
Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберди.
Жапаров сот тарабынан акталып чыкканын айтканы чындыкка дал келбейт.
6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Достук” мейманканасына чогулуп, кезексиз сессиясын башташкан. Анда жаңы шайланган спикер Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Бороновдун премьерликтен кетүү боюнча арыз жазганын жарыялаган.
Саясатчы Садыр Жапаров 6-октябрда №27 колониядагы абактан бошотулган болчу.
Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
Оставьте первый комментарий