
УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан бүгүн 10-октябрда кайрадан кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМК Атамбаев менен жардамчыларын ИИМ кызматкерлери менен биргеликте колго түшүргөн.
Атайын кызмат учурда аталган кылмыштын башка катышуучуларын аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кошумчалаган.
5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка белгилүү саясатчыларды чыгарып кетишкен. Эртеси, 6-октябрда, Атамбаев «Форум» мекемесинин алдында элге чыгарын айтып, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калган.
9-октябрда Алмазбек Атамбаев «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен «Форум» мекемесинин алдында сүйлөгөн. Андан кийин саясатчылар тарапташтары менен «Ала-Тоо» аянтына келишкен. Алар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталгандан кийин аянтты Өкмөт үйүнүн алдына келгендер ээлеп алган.
Атамбаев кечээ болгон бул окуяда аны жок кылуу аракети болгонун айтып, автоунаасына тийген октун изин көрсөткөн.
Оставьте первый комментарий