
Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев парламенттин кезексиз жыйынында өз каалоосу менен отставкага кеткенин билдирди.
Ал эми бүгүн өтүп жаткан жыйынга жетекчилик кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго жүктөлдү.
«Мени оор кырдаалда бекитип бердиңиздер, ошондон тарта колумдан келишинче иштедим. Мыйзам боюнча менин отставкамды көңүлгө гана алып коюшуңуздар керек. Менин шайланышым боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан мен кызматтан кетүүнү чечтим» — деди Абдылдаев.
Ушу тапта жыйын уланууда. Депутаттар өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаровдун программасын угууда.
Оставьте первый комментарий