Садыр Жапаров: Жээнбеков менен сүйлөштүм, арызын жазып кетем деди

Өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаров парламенттин кезексиз жыйында сүйлөп жатып, өкмөттүн курамы бекиген соң, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан өз арызы менен кетүүгө даяр экенин айтканын билдирди.

Ага депутат Тазабек Икрамов «өкмөт башчы болуп келсеңиз, президент Сооронбай Жээнбеков менен иштетүүгө даярсызбы?» деген суроо берген.

«Мен президент Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал парламент өкмөттүн курамын бекитип берсеңер эле өз эрким менен кызматтан кетүүгө даярмын деп айтты«, — деди Садыр Жапаров.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаров депутаттардын кезексиз сессиясында өзүнүн программасы менен тааныштырып, суроолорго жооп берип жатат.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*