
Акыркы суткада коронавирустан 5 бейтап каза болду. Республикалык штаб, элдерди сак болууга чакырууда.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары көбөйүп жатат.
Соңку суткада каза болгондордун экөө Бишкек шаарындагы, үчөө Ош облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан.
Коронавирустан каза болгондор өлкөдө акыркы бир жумада көп каттала баштады. Ал эми илдеттен апрель айынан бери жалпы 1082 адам көз жумду.
Оставьте первый комментарий