
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Фарид Ниязовду дагы кармады. Ал массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп, Фарид Ниязовду кармашкан.
Эске салсак, УКМК бүгүн ушул эле берене менен массалык башаламандыкты уюштуруу беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган.
Оставьте первый комментарий