Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп беришти. 

Жыйында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров өз программасы менен тааныштырып жатып, өкмөттүн курамы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ошол бойдон каларын, өзгөрүүлөр кийин боло турганын айтты. Бир гана вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул курамда болбой турганын билдирген.

Ал Кыргызстандын өкмөт башчылыгына жалгыз талапкер катары каралды.

Эске салсак, буга чейин 5-октябрда Бишкек шаарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке «Ала-Тоо» аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан «Ала-Тоо» аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алышкан. 

Эртеси 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган. Андан кийин, 9-октябрда төрт партия башын бириктирип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштаган.  Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары «Ала-Тоо» аянтында чогулган. Бирок ал убакта аянтта люстрация мыйзамын талап кылган топ менен Садыр Жапаровдун тарапташтары бар болчу. Кийин эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп  Атамбаевдин автоунаасына ок атылган. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бекитишти.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*