Араванда эпидкырдаал оор. Районго өзгөчө кырдаал кириши мүмкүн

Акыркы жумаларда Ош облусунун Араван районунда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Мындан улам райондун кире беришине блок-пост коюлду. Эгер, эпидемиологиялык кырдаал оорлошо берсе өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн.

Ушул тапта райондук ооруканада 95 бейтап жатат. Жыйырма төрт кишиден коронавирус аныкталса, 71 бейтап пневмонияга (өпкөсү каганып) чалдыккан. Араван үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Майсалбек Мамытов илдеттин жайылып кетишин мындайча түшүндүрдү:

«Эң алгач Өзбекстанга кирип-чыккан сегиз адамдан коронавирус табылган болчу. Эки өлкөнүн чек арасында тынымсыз эле каттап атышты да. Мындан тышкары шайлоодон кийин ооругандар массалык өстү. Той-топур, кара аш тыйылбай атат. Базарда эл көп. Ошого байланыштуу бүгүндөн тарта райондун кире беришине блок-пост коюлду. Ал жерде дарыгерлер тобу, санэпид жана райондук милициянын кызматкерлери иштеп жатат. Алар аймакка кирип-чыккандарды текшеришет. Эгер, оорунун белгилери болсо районго киргизбей ошол жерде карайт. 14-октябрда райондук штабдын жыйынында базарларды жумасына эки ирет дезинфекциялоо боюнча сунуш берилди. Азыр коронавирустун белгилери билинбей эле ооруп жүргөн бейтаптар көбөйдү. Өнөкөт оорулары бар адамдар, улгайгандар, кош бойлууларга үйдөн чыкпаңыздар демекчимин. Элге зарыл жумуш болбосо үйдөн чыкпоону түшүндүрүшүбүз керек», -дейт Мамытов. 

Мамытов кошумчалагандай, учурда ар бир айыл өкмөттө 8 мобилдүү топ иштеп жатат. Андан тышкары район боюнча 175 күндүзгү стационарларды ачылган.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 50 589га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 45 080. Учурда 2092 бейтап стационарларда, 1847 киши үй шартында дарыланууда.

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*