Чукул кабар. Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатканын айтып, кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчы өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан бийик экенин айтып, ар бир жарандын өмүрү баарынан кымбат экенин белгилеген.

«Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле», — деген Сооронбай Жээнбеков.

Буга чейин ал премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугуп, отставка маселесин талкуулап жатканы айтылган болчу.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башалмандыктар орун алып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*