
Мирбек Мияров Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы айтылат.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.
Мирбек Мияров, 36 жашта. Буга чейин парламенттик шайлоого «Ордо» саясий партиясы менен аттанган.
Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Оставьте первый комментарий