Ош облустук соту Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды

Ош облустук соту Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду  үй камагына чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттон тастыкташты.

Облустук сот Тилек Матраимовдун баш коргоо чарасын 13-октябрда карап, бир айга 9-ноябрга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин, 12-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган. Прокуратура анын бөгөт чарасын Жазык кодексинин 358-беренесинин негизинде («Чек арадан мыйзамсыз өтүү») аныктап берүүнү жана бир айга камакка алууну соттон өтүнгөн.

Ал жансакчысы жана тууганы менен 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени айтылган.

Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районун жетектеп келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*