Сариев: Кыргызстан 10 жыл мурунку абалга кептелиши мүмкүн

Кыргызстанда түзүлгөн азыркы кырдаалда баарын орду-ордуна коюуга БШКнын мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алардын статусу да бүгүнкү күндө күмөн болуп турат. Мындай пикирин Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Т-Медиага» билдирди.

Анын айтымында, президент өз арызы менен кызматтан кеткен соң үч ай ичинде шайлоо жарыяланышы керек. Сариев өлкө үчүн кооптуу жагдай түзүлгөнүн эскертип, Кыргызстан 2010-жылдагы абалга кептелиши мүмкүн деп божомолдоодо. 

«Акыркы эки-үч күндө өлкөнүн мыйзам тааласына кирип баратканы коомчулукту кубандырып жаткан. Тилекке каршы, бүгүнкү окуя (ред-президенттин отставкасы) бардык элди кыжаалат кыла баштады окшойт. Мыйзам боюнча үч айдын ичинде кайра президенттик шайлоо өткөрүш керек болот. Мунун арты менен азыр Жогорку Кеңештин да мөөнөтү бүттү деген маселе көтөрүлүп атат. Эгерде алтынчы чакырылыштагы парламент да таркап кетсе, барып-барып эле 2010-жылдагы кырдаалга кирип калат окшойбуз. Ал жылы президент дагы, Жогорку Кеңеш да жок болчу, убактылуу өкмөт милдетти аткарган да. Азыр парламент да кандайдыр бир себептер менен таркап кетсе укуктун баары өкмөткө өтөт. Убактылуу өкмөт деп айтылбаганы менен 2010-жылдагы милдетти аткарып калчудай болуп турат», -дейт ал. 

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон бери Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат. 14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*