Ошко жылуулук качан берилери айтылды

Эртең, 22-октябрдан тарта, Ош шаарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Белгилүү болгондой, калааны жылуулук менен камсыз кылган кызматтар толугу менен ишке даяр. Адегенде жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө жана ишканаларга өткөрүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ошто бейшемби күнү аба ырайы 17…22 градуска чейин ысышы божомолдонгон.

Эске салсак: Ош шаарындагы турак үйлөр менен мекемелерге былтыр 5-ноябрда жылуулук бере баштаган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*