
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кечээ, 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармады. Кийинчерээк аны Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып барышты.
Ал тергөө менен кызматташуу жана эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаты менен үй камагына чыгарылды. Соттон Райымбек Матраимов УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда чыкты. Бирок ал жерде Матраимовдун жанында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун күйөө баласы Атабек Абжалиевге окшош жаранды көрүүгө болот.
Ал акыркы жолу өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Эгерде видеодогу жаран Атабек Абжалиев болсо, ал Райымбек Матраимовдун жанында эмнеге коштоп жүргөнү суроо жаратууда.
Райымбек Матраимовдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыккан видеосу.
Оставьте первый комментарий