
Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаганын айтты.
Ал билдирүүсүндө эң кирешелүү тармактар — энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен тармактарында коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөр, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салык төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилери турганы айтылат.
Бул мезгил аралыгында коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, өөнөлгөн акчаны мамлекеттик казынага кайтарууну талап кылган.
«Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла.
Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат. Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик берем. Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат.Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.Бул элдин талабы! Бул мага ишенип тапшырган элдин мүдөөсү»,-деген Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, бул бир гана жолу боло турганын айтып, ушул учурду колдонуп калууга чакырган.
Укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечиримдер болот деп билдирди.Декларация боло турган мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик бере турганын, ыктыярдуу түрдө декларациялоо жараяны сыр сакталарын айткан.
Экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн белгилеген.
Оставьте первый комментарий