Тилек Токтогазиев айыл чарба министрлиги кызматына көрсөтүлдү

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына жаш саясатчы Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көсөтүлдү. Бул маселе ушу тапта Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитетинде каралганы жатат.

Жыйынга Токтогазиев өзү да чакырылган.

Бүгүн министр Эркинбек Чодуев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени айтылган. Ал аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.

Тилек Токтогазиев 30 жашта. 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка катышкан.
Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*