Өзгөн, Кара-Кулжанын акимдери кызматтан бошотулду

Өзгөн районунун акими Болот Дыйканбаев кызматынан бошотулду. Ошондой эле Кара-Кулжанын акими Примберди Дыйканов да кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматы кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Алардын эмне себептен иштен алынганы тууралуу маалымат бериле элек. Болот Дыйканбаев кызматтан бошотулганы боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

«Азыр уктум. Чечим кандай чыкса ошону колдойбуз. Мени кандай критерийдин негизинде жумуштан алганы азырынча белгисиз. Районду жетектеген бир жарым ай ичинде бир топ жумуштарды баштадым эле. Ошону аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Кызматтан кеткеним боюнча өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн да кабары жок экен. Мен ойлойм, бул чечим мыйзамсыз болду», -дейт Дыйканбаев. 

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Дыйканбаевдин ордуна Руслан Мейматкулов дайындалды.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*