
Жогорку Кеңештин депутаттары айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.
Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Бүгүн, 21-октябрда мурдагы министр Эркинбек Чодуев өз арызын жазып кызматтан кеткен.
Тилек Токтогазиев 30 жашта. Анын талапкерлигин бул кызматка 2019-жылдын май айында да Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы көрсөткөн болчу. Токтогазиев «Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү катары белгилүү.
Жаш саясатчы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка катышкан.
Оставьте первый комментарий