
Акыркы суткадагы маалыматтар боюнча COVID-19 илдетинен жана пневмониядан дагы 4 бейтап каза болду. Жалпы курмандыктардын саны апрель айынан бери 1122ге жетти.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча каза болгон 4 бейтаптын бири Баткенден. Экөө Бишкек шаарынан болсо, дагы бири Ош облусунан.
COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдетинен каза болгондордун саны өлкөдө акыркы 15 күндө кайрадан каттала баштаган. Жуктургандардын саны да акыркы айларда өсүүдө. Бүгүн вирус 547 адамдан аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкек менен Баткенде болууда.
Оставьте первый комментарий