Кыргызстанда коронавируска каршы дарылардын канча айга жетерлик кору бар? Инфографика

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооругандардын саны азыркы эпидемиологиялык кырдаалда 10 миң кишиден ашпаса, дары-дармек бир жарым айга жетет. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта саламаттыкты сактоо мекемелеринде дары-дармектердин дээрлик 323 млн. сомдук кору бар.

«Учурдагы эпидемиологиялык абалда эгерде 8000 -10000 адам ооруп калса, коронавируска каршы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги дары-дармектер 1,5 айга жетет», -деп айтылат маалыматта. 

Аталган каражатты аймактарга бөлүп карасак:

Кыргызстанда октябрь айында коронавирус жуккандар үч эсе көбөйдү. 1-октябрда 172 адамдан илдет аныкталган, 10-октябрда 307 кишиден, 23-октябрда 582 кишиден вирус чыкты. Ошентип, илдетти жугузуп алгандардын расмий эсеби 54 588 адамды түздү. Анын 1126сы каза болуп, 47 050бейтап айыгып чыкты.

Бул материал «Сорос Кыргызстан» фондунун «Медиа кол кабыш» долбоорунун алкагында даярдалды. Материалдын мазмуунуна Т-Медиа жооптуу жана «Сорос Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо