
Акыркы бир суткада коронавирус жана пневмониянын лабораториялык тастыкталган 556 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Бишкек, Чүй, Ош жана Баткен облустарында. Илдетти жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталды.
Бишкек шаарында — 149, Баткен облусунда – 86, Жалал-Абад облусунда — 83, Ош облусунда — 75, Чүй облусунда — 67, Ысык-Көл облусунда – 35, Ош шаарында – 34, Талас облусунда — 23, Нарын облусунда — 4 адамдан вирус табылды.
Ал эми өткөн сутка ичинде 287 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Учурда стационарда 3300, амбулатордук дарыланууда 2871 бейтап бар.
Ошол эле учурда республика боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада ооруканалардан 3, үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыкты. Илдет жалпы 3569 медикке жугуп, анын 3251и сакайган.
Жалпысынан республика боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 55144гө жетти. Ал эми 1130 адам илдеттен улам каза болду.
Оставьте первый комментарий