БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн 10-январга белгиледи

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бул тууралуу чечим бүгүн, 24-октябрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.

“Кечээ президенттик аппараттын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону эч бир орган аныктабайт. БШК болгону мөөнөтүн белгилеп берет”, — деди БШКнын төрайымы Шайлдабекова.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик шайлоо кийинки жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн билдирген.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*