
Бүгүн, 24-октябрда ички иштер министрлигинин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын тинтүүгө алып, документтерин текшерүүдө. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.
БШКнын «Телеграмдагы» каналында текшерүүгө келгендер Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени айтылган. Милиция кызматкерлери парламенттик шайлоо жарыяланган 3-июлдан берки документтерди текшерип жатканы айтылууда.
Тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтомду 22-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Бирок БШКнын мүчөлөрү аларага милиция тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.
Буга чейин ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө араркет кылганы кабарланган.
Оставьте первый комментарий