
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун көбөйүшүн саясий окуялар менен байланыштырат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
«Шайлоо алдындагы үгүт иштери, саясий окуялар ушул жыйынтыкка алып келүүдө. Мындан тышкары адамдар үйлөрүнө кайтып келишип, илдет жайыла баштады», — деди ал.
Министр кошумчалагандай, коронавирустун жайылышы күчөп жатканына байланыштуу август айында жабылган убактылуу стационарлар кайра ачылып жатат.
Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 56 170 адамды түздү. Анын 47 843ү сакайганы айтылды. Бир күндө 227 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Илдеттен кайтыш болгондордун саны 1134 кишиге жетти.
Оставьте первый комментарий