
Бишкек шаарынын мэри шайланганга чейин Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Буга чейинки мэр Азиз Суракматов парламенттик шайлоого катышарын билдирип кызматтан кеткен. Анын ордуна биринчи вице-мэрликке жаңы дайындалган Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болгон. Нааразычылыктардан кийин Түлеев иштен кетүү тууралуу арыз жазган.
Оставьте первый комментарий