Финпол: бюджетке 9 млрд. сом зыян келтирген коррупциялык схема аныкталды

Социалдык фонд жана Салык кызматында иштеген кызматкерлер аралашкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылымыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Мекеменин 27-октябрдагы маалыматына караганда,  коррупциялык иштердин кесепетинен мамлекеттин казынасына 9 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калган.

«Алар жогорку бийлик укуктарына ээ болуп туруп мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүп, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу «КГ.К.» компаниясына артыкчылык шарт түзүп беришкен. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган»,  -деп айтылат маалыматта.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин негизинде каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*