
Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ошентип, жалпы көрсөткүч 3597ге жетти. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Жаңы жуктургандарды аймактарга бөлүп карасак:
- Баткен облусу — 3;
- Талас облусу — 1;
- Ош шаары — 1;
- Ысык-Көл облусу — 1;
- Бишкек шаары — 3.
Ал эми соңку сутка ичинде үй карантининен 10 медкызматкер сакайып чыкты. Айыккандардын жалпы саны — 3290.
Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын расмий саны 56738ге жетти. Анын ичинен 1136 адам илдеттен улам каза болду.
Акыркы суткада коронавирус 568 адамдан табылып, эки адам каза болду
Оставьте первый комментарий