
Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №35 дарегиндеги жаңы курулган көп кабаттуу турак үйдүн төртүнчү кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы да тастыктады.
ӨКМге тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 14:00дөр чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган. Түтүн каптаган подъездин жашоочулары сыртка чыгарылган. Учурда өрт толугу менен чектөөгө алынып, өчүрүлдү.
Ош шаардык мэриясы тилсиз жоодон үч жаран жабыркап ооруканага жеткирилгенин билдирди. Түтүнгө ууланган жарандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалдары жакшы деп айтылып жатат.
Оставьте первый комментарий